Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы 2026-жылы республика боюнча калкка 390 миң даана акылдуу эсептегичтерди орнотот. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетика тармагын модернизациялоого багытталган.

390 миң даана акылдуу эсептегичтер облустар жана Бишкек шаары боюнча төмөндөгүдөй бөлүндү:
Бишкек шаары – 91210 даана;
Чүй облусу – 89129 даана;
Ош олусу – 68242 даана;
Баткен облусу – 54997 даана;
Жалал-Абад облусу – 71546 даана.

Санариптештирүү иштеринин негизги максаты — электр энергиясын эсепке алуунун ачыктыгын жогорулатуу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды кыскартуу, электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана тармакта санариптик инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат.

Акылдуу эсептегичтер реалдуу убакыт режиминде электр энергиясын керектөөнү так эсептеп, техникалык жактан тез аныктоого, уруксатсыз кошулууларды алдын алууга жана эсептешүү үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, бул система керектөөчүлөргө өз керектөөсүн натыйжалуу башкарууга шарт түзүп, энергия ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 11 турак үйдүн короосун суу каптады

Чүйдүн суу объектилеринен 1000 метр синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды

Чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандарга экинчи турак жайлар берилүүдө

Адылбек Касымалиев COP31 Лидерлер саммитинде улуттук билдирүү жасады

Баткенде акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады