Быйыл Кыргызстанга Индиядан көп турист келет

Быйыл Кыргызстанга Индиядан көп турист келет

Быйыл Индиядан Кыргызстанга көп турист келиши мүмкүн. Salvia promoters компаниясы менен меморандумга кол коюлуп, индиялык коноктордун агымын көбөйтүү үчүн иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

7-8-июнь күндөрү Нью-Дели жана Мумбай шаарларында роуд-шоунун алкагында ири туристтик компаниялар жана инвесторлор менен жолугушуулар өтүүдө. 90дон ашык ишкана кызыкканын билдиришти.

Роуд-шоунун катышуучуларына алар кирише ала турган туристтик долбоорлор тууралуу айтылды. Алардын арасына медициналык туризм жана санитардык-курорттук комплекстерди өнүктүрүү, Кыргызстанда RestPoint тармагын куруу, борбор калаа менен «Манас» аэропорту жана Ысык-Көлдүн ортосунда үзгүлтүксүз байланышты уюштуруу, Каракол шаарындагы жана Раззаковдогу (Исфана) аэропортторду реконструкциялоо жана башкалар кирет.

Азыр Индияга 2.5 саатта учуп жетсе болот – буга чейин Бишкек менен Нью-Дели ортосунда чартердик рейс ачылган, аны Aeronomad компаниясы тейлейт. Келечекте авиакаттамдардын санын көбөйтүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349 тескемесине ылайык, калкты газ түтүктөрүнө кошууга жана газ менен жылытуу жабдууларын сатып алууга берилүүчү насыянын пайыздык чени жылдык 8%дан 3%га чейин төмөндөтүлдү. Жеңилдетилген каржылоо программасынын алкагында жарандарга 150 000 сомго чейин насыя берүү каралган. Маалыматка ылайык, 2025-жылы аталган программанын негизинде 146 жаранга жалпысынан

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкектеги Суванбердиев көчөсүндө курулушка уруксат берүүчү документтери жок 16 кабаттуу үй курулуп жатканы аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "СК Эверест Групп" ЖЧКсына текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузуу фактыларын жоюу максатында зарыл болгон документтерди тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле 200 миң сом

Ысык-Ата районунда 21 миң 900 даана мыйзамсыз тамеки кармалды

Ысык-Ата районунда 21 миң 900 даана мыйзамсыз тамеки кармалды

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз тамеки ташууга бөгөт коюлганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салыкчылар рейддик салык көзөмөлдүн жүрүшүндө Бирдик айылынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташкан. Рейддин жүрүшүндө тамеки продукциясын башка автотранспорт каражатына жүктөп жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаадан акциздик маркасы жок 21 миң 900 даана ORIS

Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы 2026-жылы республика боюнча калкка 390 миң даана акылдуу эсептегичтерди орнотот. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетика тармагын модернизациялоого багытталган. 390 миң даана акылдуу эсептегичтер облустар жана Бишкек шаары боюнча төмөндөгүдөй бөлүндү: Бишкек шаары