«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна бүгүн старт берилди – КРнын экономикасына 234 млн доллар жылдык таза пайда алып келет

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна бүгүн старт берилди – КРнын экономикасына 234 млн доллар жылдык таза пайда алып келет

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунун башталышына старт берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы башкаруу пультундагы кнопканы басып, андан кийин масштабдуу курулуштун башталышын билдирген жарылуу болду.

«Суу тартыштыгы жыл сайын күч алып, суунун мындан ары көбөйбөй тургандыгын окумуштуулар, эл аралык изилдөөчү уюмдар божомолдоп айтып келе жатышат. Чындыгында эле ааламдашуунун шары менен өлкөдө электр кубатына болгон муктаждык барган сайын өсүүдө. 30 жыл мурда биз электроэнергиясын экспорттоп келсек, бугүнкү күндө импорттоп келебиз. «Камбар-Ата-2» ГЭСинин эске албаганда 30 жыл ичинде ГЭС курулган эмес.

Эми өлкөбүздүн экономикасынын ишенимдүү тиреги болгон мөңгүлөр менен ири дарыяларыбызды энергетика жаатында артыкчылык катары туура пайдаланууну, Кыргызстанды электр кубаты менен эч көйгөйсүз толук камсыз кылууну жана экспорттоо потенциалын өнүктүрүүнү колго алабыз.

Буюрса, «Камбар-Ата-1» ГЭСинин ишке киргизип алсак, «Камбар-Ата-2» ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөбүз. Андагы экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, «Камбар-Ата-2» ГЭСинин жалпы кубаттуулугу артат. Жыйынтыгында, бул эки маанилүү ГЭСибизди толук иштетип, кубаттуулугу 1000 мегаватт өндүрүүгө жетишебиз. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот.

«Камбар-Ата-1» иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот. Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, «Камбар-Ата-2» ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот.

Ошондой эле, дээрлик жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны «CASA-1000» долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө да импорттоого шарт түзөт.

Тактап айтканда, «Камбар-Ата-1» ГЭСинде жылына 5.6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын «CASA-1000» долбоору аркылуу 5.15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз.

Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келет жана өлкөбүзгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 млн долларды түзөт.

Кудай буюрса, «Камбар-Ата-1» ГЭСинин долбоорун ишке ашырсак, бул иш Кыргызстандын көз карандысыздыгына биздин кошо турган чоң салымыбыз жана ири жетишкендигибиз болот!» – деди президент.

Учурда инфраструктуранын даярдалган бөлүгү бар (базалар, жолдор, карьерлер), 500 кВ «Датка-Кемин» аба электр чубалгысы жакын жайгашкандыктан, «Камбар-Ата-1» ГЭСинин электр энергиясын бөлүштүрүү схемасы боюнча эң аз чыгымга ээ болот, республиканын калкын кыш мезгилинде энергия менен камсыздоо маселелери чечилет, келечекте өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн өсүшү канааттандырылат жана CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук потенциал камсыз кылынат.


«Камбар-Ата ГЭС-1 куруу» долбоору «Камбар-Ата» каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана  орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу  5.6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5.4 млрд м³  суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин созулат. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү – туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.

Мындан тышкары окуңуз

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349 тескемесине ылайык, калкты газ түтүктөрүнө кошууга жана газ менен жылытуу жабдууларын сатып алууга берилүүчү насыянын пайыздык чени жылдык 8%дан 3%га чейин төмөндөтүлдү. Жеңилдетилген каржылоо программасынын алкагында жарандарга 150 000 сомго чейин насыя берүү каралган. Маалыматка ылайык, 2025-жылы аталган программанын негизинде 146 жаранга жалпысынан

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкектеги Суванбердиев көчөсүндө курулушка уруксат берүүчү документтери жок 16 кабаттуу үй курулуп жатканы аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "СК Эверест Групп" ЖЧКсына текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузуу фактыларын жоюу максатында зарыл болгон документтерди тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле 200 миң сом

Ысык-Ата районунда 21 миң 900 даана мыйзамсыз тамеки кармалды

Ысык-Ата районунда 21 миң 900 даана мыйзамсыз тамеки кармалды

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз тамеки ташууга бөгөт коюлганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салыкчылар рейддик салык көзөмөлдүн жүрүшүндө Бирдик айылынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташкан. Рейддин жүрүшүндө тамеки продукциясын башка автотранспорт каражатына жүктөп жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаадан акциздик маркасы жок 21 миң 900 даана ORIS

Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы 2026-жылы республика боюнча калкка 390 миң даана акылдуу эсептегичтерди орнотот. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетика тармагын модернизациялоого багытталган. 390 миң даана акылдуу эсептегичтер облустар жана Бишкек шаары боюнча төмөндөгүдөй бөлүндү: Бишкек шаары