Казакстан менен Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна инвестиция салууга даяр

Казакстан менен Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна инвестиция салууга даяр

Казакстан менен Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунун башталышына старт берүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Президент ошондой эле «Камбар-Ата-1» ГЭСинин негизги курулушуна даярдык көрүү иштерине республикалык бюджетти кайрадан карап чыгып, бюджеттен тиешелүү суммадагы (болжолдуу сумма – 1.5млрд сом) акча каражатын бөлүүнү чечкенин жана ал каражат ГЭС курула турган аянтка баруу үчүн транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктире турган көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшаларын билдирди.

«Даярдык көрүү иштеринин аткарылышы негизги курулуш иштерин жүргүзүү аянтына болгон инвесторлордун, өнөктөштөрдүн кызыгуусун арттырат. Учурдан пайдаланып кызыкдар өнөктөштөрдү бул долбоорду ишке ашырууда кызматташууга даяр экенибизди билдирип кетким келет. Учурда кошуна Казакстан менен Өзбекстан инвестиция салууга даяр экендигин билдиришти.

Чындыгында биз Нарын дарыясынын болгону 10 %  сугат суу катары колдонобуз. Калганын кошуна өлкөлөр колдонушат. Алар инвестиция салып, салым кошушса биз кубануу менен кабыл алабыз», – деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349 тескемесине ылайык, калкты газ түтүктөрүнө кошууга жана газ менен жылытуу жабдууларын сатып алууга берилүүчү насыянын пайыздык чени жылдык 8%дан 3%га чейин төмөндөтүлдү. Жеңилдетилген каржылоо программасынын алкагында жарандарга 150 000 сомго чейин насыя берүү каралган. Маалыматка ылайык, 2025-жылы аталган программанын негизинде 146 жаранга жалпысынан

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкектеги Суванбердиев көчөсүндө курулушка уруксат берүүчү документтери жок 16 кабаттуу үй курулуп жатканы аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "СК Эверест Групп" ЖЧКсына текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузуу фактыларын жоюу максатында зарыл болгон документтерди тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле 200 миң сом

Ысык-Ата районунда 21 миң 900 даана мыйзамсыз тамеки кармалды

Ысык-Ата районунда 21 миң 900 даана мыйзамсыз тамеки кармалды

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз тамеки ташууга бөгөт коюлганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салыкчылар рейддик салык көзөмөлдүн жүрүшүндө Бирдик айылынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташкан. Рейддин жүрүшүндө тамеки продукциясын башка автотранспорт каражатына жүктөп жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаадан акциздик маркасы жок 21 миң 900 даана ORIS

Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы 2026-жылы республика боюнча калкка 390 миң даана акылдуу эсептегичтерди орнотот. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетика тармагын модернизациялоого багытталган. 390 миң даана акылдуу эсептегичтер облустар жана Бишкек шаары боюнча төмөндөгүдөй бөлүндү: Бишкек шаары