Улуттук банк жыл аягына чейин инфляция 15.5% деңгээлинде болот деп күтүүдө – Украинадагы согуштун таасири

Улуттук банк жыл аягына чейин инфляция 15.5% деңгээлинде болот деп күтүүдө – Украинадагы согуштун таасири

Улуттук банк жыл аягына чейин инфляция 15.5%дын тегерегинде болорун жана орточо жылдык инфляция 13.8% деңгээлинде күтүлөрүн болжолдоп жатат. Бул тууралуу регулятордун акча-кредит саясаты боюнча биринчи кварталдагы отчетунда айтылды.

Улуттук банк тышкы экономикалык абалдын туруксуздугуна байланыштуу болжолду кайрадан карап чыккан.

«Россия менен Украина айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү негизги өлкөлөрдүн катарына кирет. Азыркы инфляция боюнча божомолдордо Украинадагы негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнүн, ошондой эле Россиянын экономикасына карата санкциялардын кесепеттеринин таасири камтылган», – деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын июнь айында министрлер кабинетинин орто мөөнөттүк тарифтик саясат жөнүндөгү токтомуна ылайык, электр энергиясынын жана 2022-2023-жылдары жылытуу мезгилинин башталышы менен жылуулук энергиясынын бааларынын жогорулашы күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, учурдагы болжолдоодо 2023-жылы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына акциз салыктары көбөйүшү мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349 тескемесине ылайык, калкты газ түтүктөрүнө кошууга жана газ менен жылытуу жабдууларын сатып алууга берилүүчү насыянын пайыздык чени жылдык 8%дан 3%га чейин төмөндөтүлдү. Жеңилдетилген каржылоо программасынын алкагында жарандарга 150 000 сомго чейин насыя берүү каралган. Маалыматка ылайык, 2025-жылы аталган программанын негизинде 146 жаранга жалпысынан

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкектеги Суванбердиев көчөсүндө курулушка уруксат берүүчү документтери жок 16 кабаттуу үй курулуп жатканы аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "СК Эверест Групп" ЖЧКсына текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузуу фактыларын жоюу максатында зарыл болгон документтерди тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле 200 миң сом

Ысык-Ата районунда 21 миң 900 даана мыйзамсыз тамеки кармалды

Ысык-Ата районунда 21 миң 900 даана мыйзамсыз тамеки кармалды

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз тамеки ташууга бөгөт коюлганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салыкчылар рейддик салык көзөмөлдүн жүрүшүндө Бирдик айылынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташкан. Рейддин жүрүшүндө тамеки продукциясын башка автотранспорт каражатына жүктөп жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаадан акциздик маркасы жок 21 миң 900 даана ORIS

Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы 2026-жылы республика боюнча калкка 390 миң даана акылдуу эсептегичтерди орнотот. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетика тармагын модернизациялоого багытталган. 390 миң даана акылдуу эсептегичтер облустар жана Бишкек шаары боюнча төмөндөгүдөй бөлүндү: Бишкек шаары