Wildberries платформасы төлөмдөрдү сом менен кабыл ала баштады
Wildberries онлайн-кызматы эл аралык өнөктөштөрү менен улуттук валюталар менен эсептешүүгө өткөнүн РИА Новости порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, Wildberries жаңы финансылык саясаты боюнча башка өлкөдөгү өнөктөштөрү менен улуттук валюталар менен эсептешүүгө өттү.
«Акча которуулар Белоруссиядагы ишкерлер менен – беларусь рублинде, Казакстандагы ишкерлер менен – тенге менен, Арменияда – драма, Кыргызстанда – сом, Өзбекстанда – сум менен жүргүзүлөт», – деп айтылат билдирүүдө.
Компаниянын бул жаңы финансылык саясаты сатуучуларга да, буюртмаларды берген өнөктөш пункттардын ээлерине да, өнөктөш сорттоочу борборлорго да тиешелүү. Аны менен бирге бул саясат жергиликтүү бизнестин өкүлдөрүнө чет өлкөлүк рыноктордо колдоо көрсөтүүгө жардам берет.
«Wildberries – бул эл аралык онлайн-платформа, анда ар кайсы өлкөлөрдүн ишкерлери өз товарларын сатышат жана кардарларга, бизнеске кызмат көрсөтүшөт… Жаңы финансылык саясат өз ара эсептешүүлөрдү дагы ачык-айкын кылып, жергиликтүү валютаны бекемдеп, ишкерлерге алмаштыруу курсунун өзгөрүшүнөн жана аларды конвертациялоо зарылчылыгынан улам пайда болгон чыгымдарды азайтууга жардам берет», – деп кошумчалады компаниянын басма сөз кызматы.