«Бишкек» ЭЭАда подстанция курулуп, жогорку вольттуу линия тартылды
«Бишкек» эркин экономикалык аймагында кубаттуулугу 16 МВт болгон 35/10 кВ «Ак-Чий» подстанциясы курулду. Подстанциянын ачылыш аземине инвестициялык агенттиктин директору Равшан Сабиров катышты. Бул тууралуу аталган мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Подстанцияны ишке киргизүү ал жердеги ишканаларды сапаттуу электр менен камсыз кылып, процесстердин токтоп калышын азайтат. Бул тынымсыз өндүрүш процесстери үчүн өзгөчө маанилүү.
«Эми жаңы подстанциянын жардамы менен электр энергиясы менен камсыз кылуу ишенимдүү болот. Энергетиканын тез өнүгүшү өнөр жайын өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат. Ошондуктан, бул келечектеги ишканалар үчүн да өз өндүрүшүн Бишкек ЭЭАсына жайгаштырууга стимул болот деп айтат элем», – деди Сабиров.
Ошондой эле 110/35/10 кВ «Манас» подстанциясынан ЭЭАнын Ак-Чий аймагына чейин ВЛЗ-35 кВ жогорку вольттогу линия тартылды. Анын узундугу 7.6 км түздү.