Борбордук Азия өлкөлөрү шамал жана күн энергиясын пайдалануу боюнча дүйнөлүк кубаттуулуктун 5%ына ээ
Борбордук Азия өлкөлөрүндө шамал жана күн энергиясын пайдалануу боюнча дүйнөлүк кубаттулуктун 5%ке жакыны бар. Бул тууралуу маалымат Алматыда WECOOP долбоорун ишке ашыруу тобунун өкүлдөрү уюштурган семинарда айтылган.
Эки күндүк семинардын жүрүшүндө Борбордук Азиядан чогулган эксперттер, Евробиримдиктин жана эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү күн менен шамал энергиясын пайдаланууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу жана «жашыл» инвестицияларды талкуулашты.
Семинарды «Европа Биримдиги – Борбордук Азия: суу ресурстары, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүүсү (WECOOP) боюнча кызматташуу» долбоору күн жана шамал энергиясын пайдаланууга багытталган иштерде тажрыйба алмашуу максатында уюштурган.
«Борбордук Азия чөлкөмүндө шамал жана күн энергиясын пайдалануу боюнча дүйнөлүк табигый кубаттуулуктун 5%ы бар. Бул түгөнбөс энергия булактарын өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Бирок, гидроэнергетикадан тышкары, өзгөчө Кыргызстан менен Тажикстанда, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (ЭКБ) улуттук энергетикадагы үлүшү Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө өтө аз. Региондун кайра жаралуучу энергиянын олуттуу потенциалы көптөгөн финансылык, техникалык жана социалдык тоскоолдуктардан улам толук пайдаланылбай жатат», – деп айтылат WECOOP отчётунда.




