Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

“Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана каражат эмес, аймакка болгон ишеним жана чоң колдоо. Демек, бул чечимдин жыйынтыгын эл кагаз жүзүндө эмес, өз күнүмдүк жашоосунда сезиши керек. Ошондуктан мындан ары ишти жаңы форматта алып барабыз. Мурдагыдай инерция менен эмес - так пландоо, жеке жоопкерчилик жана конкреттүү натыйжа принциби менен иштейбиз”,- деди Осмонов.

Ушуга байланыштуу облус боюнча өнүгүүнүн 6 артыкчылыктуу багыты бекитилгендигин айтты. Алар “Чүй Инвестиция”, “Чүй Агро”, “Чүй Туризм”, “Жашыл Чүй”, “Таза Чүй”, “Заманбап Чүй”.

“Инвестиция тартуудагы жаңы ыкма бул - биз бош айыл чарба жерлерин тарата берүү жолу менен эмес, биринчи кезекте токтоп калган өндүрүш ишканаларын жандандыруу багытында иш алып баруу практикасын киргизебиз. Облуста иштебей турган завод-фабрикалар бар. Алар даяр инфраструктурасы менен турат, бирок пайдаланылбай жатат. Биз ошол мүмкүнчүлүктү туура колдонушубуз зарыл. Бул багытта мамлекет токтоп турган ишканалардын ээлери менен меморандум түзүп, жаңы инвесторлор менен алардын ортосунда көпүрө болууга даяр.

Башкача айтканда, мамлекет “агенттик” принцип менен иш алып барып, объекти инвесторго сунуштап, сүйлөшүүлөрдү уюштурат. Чүй облусу - өлкөнүн экономикалык кыймылдаткычы. Ошондуктан аткаруучулук тартипти бекем сактап, ар бир бюджеттик каражатты максаттуу жумшап, жаңы инвестицияларды тартып, туруктуу жумуш орундарын түзүү боюнча так жана натыйжалуу иш алып баруубуз зарыл”,- дейт президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын январь айында президенттин Турукташтыруу фондунан Чүй облусун өнүктүрүү максатында 10 млрд сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта