Бүгүн ишкерлер ККМ жана эсеп-фактурага каршы дагы митингге чыгышат

Бүгүн ишкерлер ККМ жана эсеп-фактурага каршы дагы митингге чыгышат

Бүгүн, 13-июнда саат 10:00дө, Тарых музейинин артында ишкерлер тынчтык митингге чыкмакчы. Алар кассалык аппаратты койдурууну жана эсеп-фактураны жоюп, патентке өткөрүп берүүсүн суранышат. Мындай маалымат ишкерлердин жалпы чаттарында таратылууда.

Ишкерлер дагы бир жолу чогулушуп, кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө койдурууну алып салууну, эсеп-фактураларды жоюуну талап кылышат.

«Урматуу группадагы коллегалар эжелер, байкелер! 13-июнь күнү саат күндүзгү 10:00 го Тарых музейдин аркасына тынчтык митингге келиңиздер,митингге чыкканыбыздын себеби – ККМ, СЧЕТ-ФАКТУРАны жоюп, патентке өткөрүп берүүсүн суранабыз жана талап кылабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

«Эгерде бардык фирмалар сатуучуларга товарды счёт-фактура менен бере турган болсо, анда КНС жана сатуудан салык товардын баасына кошулат. Азык-түлүктүн баасы ого бетер кымбаттайт. Мындан жөнөкөй калк гана дагы жапа чегет”, – дейт ишкерлердин бири.

Айта кетсек, 30-майда Өкмөт үйүнүн астына ишкерлер чогулган. Анда да ККМ жана эсеп-фактураларга каршы сатуучулар, дүкөн ээлери пикирлерин билдиришкен.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары