Бюджетке артылган кредиттик жүк: бул жылы донорлордон 32 млрд сом күтүлөт

Бюджетке артылган кредиттик жүк: бул жылы донорлордон 32 млрд сом күтүлөт

Кыргызстан быйыл тышкы кредиторлордон дээрлик 32 млрд сом (360 млн доллар) карыз алууну көздөөдө. Мындай маалымат Финансы министрлиги тарабынан жарыяланган 2022-жылга карата КР тышкы жана ички карыз алуу планында жазылган.

Тышкы карыздар

·        Ошентип, ведомство мамлекеттик инвестициялык долбоорлорго 21.9 млрд сом (248 млн доллар) карыз алууну пландаштырууда. Ири кредиторлордун катарына Дүйнөлүк банк кирет, андан 4.4 млрд сом, Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) – 4 млрд сом, Кытайдан – 3.1 млрд сом күтүлүүдө.

·        Кошумчалай кетсек, Кыргызстан 9.9 млрд сомдук (113 млн доллар) бюджеттик жардам күтүүдө: Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан (ЕФСД) 7.1 млрд сом, АӨБ 2.2 млрд сом, Дүйнөлүк банк 663 млн сом бермекчи.

Ички карыздар

Каржы министрлиги быйыл мамлекеттик баалуу кагаздарды (МБ) чыгарып, 15.6 млрд сом (177 млн доллар) ички карыз алууну пландаштырууда. Каражаттын негизги бөлүгүн – 14.6 млрд сом – ведомство мамлекеттик казыналык милдеттенмелердин (МКБ) эсебинен, калган бөлүгүн – мамлекеттик казыналык векселдердин (МКВ) эсебинен тартууга ниеттенүүдө.

Ошентип, бул план аткарылса, 2022-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы 537 млн долларга же 47.5 миллиард сомго чейин көбөйөт.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары