ИДПнын көлөмү 5.7%га өсүп, 270 млрд сомдон ашты
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ИДПнын көлөмү январь-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5.7%га өсүп, 270 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
“Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 250 млрд сомдон ашык сумманы түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.7%га өстү.
Товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 7.9%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4%ды түздү.
ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (48.6%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келген, товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү 33.9%ды түзгөн.
Өнөр жайынын үлүшү 21.1%ды, айыл чарбасынын үлүшү 8.1%ды түздү.