Кийиз бут кийим чыгарган «Тумар Арт Групп» компаниясы 400 миң доллардык насыя алды
KICB жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) таза кийизден жасалган буюмдарды чыгарган Tumar Art Group компаниясын кеңейтүүнү каржылашууда. Бул тууралуу KICB банкы социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.
Инвестициялык долбоордун алкагында өндүрүүнү көбөйтүү үчүн 400 миң доллардык кредит менен биргелешип каржылоо пландалып жатат.
Инвестициялык долбоор акырындык менен эки жылдын ичинде жылдык өндүрүүнү дээрлик 30% га көбөйтүп, 70 миңден 90 миң жуп бут кийимге чейин жеткирүүнү көздөйт. Бул ишкананын штатын 50%га көбөйтүп, 60 жаңы жумуш орунун түзүүгө мүмкүндүк берет.
«Макашовдордун үй-бүлөсү 2003-жылы «Тумар Арт Групп» ЖЧКсын кыргыз маданиятынын кол өнөрчүлүгүн сактап калуу жана өнүктүрүү, ошондой эле өлкө боюнча кол өнөрчүлүк бирикмелерин колдоп, алардын маркетингдик жана дизайнерлик чеберчилигин күчөтүү максатында негиздешкен. Жылдар өтүп, компания колго жасалган кийиз буюмдарын өндүргөн Тумар бренди катары элге таанылды. Түзүлгөндөн бери компания дүйнө жүзү боюнча көптөгөн эл аралык көргөзмөлөрдө өз продукциясын чыгарып, эл аралык өндүрүүчүлөр менен атаандашып келет.
KICB Башкармалыгынын Төрагасы Ариф Али белгилегендей, кичи жана орто ишканаларды жигердүү өнүктүрүү сергек рынок экономикасынын маанилүү компоненти болуп саналат.
«Бул кредиттик келишимге кол коюу – өлкөдөгү кол өнөрчүлүктүн негизги өкүлдөрүнүн бирин колдоого жардам берип, Кыргызстандын товарларын чет өлкөлөргө көбүрөөк экспорттоого жана кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Биздин кызматташуубуз экономиканы өнүктүрүүгө гана эмес, кыргыздын маданий мурастарын сактап калууга да оң таасирин тийгизет деп ишенебиз», – деди ал.