Кыргызстанда электрондук капчыктардын саны 35%га көбөйдү
Кыргызстанда былтыр электрондук капчыктардын саны дээрлик 35%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Регулятордун маалыматы боюнча, 2021-жылдын аягында электрондук капчыктардын саны 4.7 миллионго жеткен.
Жалпысынан алганда, COVID-19 пандемиясы учурунда накталай акчасыз, алыстан төлөө ыкмалары жана электрондук коммерция кыйла өстү. Электрондук акча эң жеткиликтүү жана популярдуу инструменттердин бири бойдон калууда, деп белгиледи Улуттук банк.