Кыргызстандын аймактарынан келген жаш кыздар программалоону бекер үйрөнүп, IT-компанияга жумушка орношту

Кыргызстандын аймактарынан келген жаш кыздар программалоону бекер үйрөнүп, IT-компанияга жумушка орношту

«Программист Айымдар II» долбоору аяктап, анын алкагында 50 кыз-келин программалоону үйрөнүү үчүн грант алышты. Долбоорду Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана сервистер ассоциациясы (КАРПОУ) Unique Technologies менен биргеликте Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырган.

Долбоордун максаты – жаш аялдарды IT чөйрөсүнө тартуу үчүн жана санариптик стартаптарды баштоого көмөк көрсөтүү үчүн санариптик тажрыйбаны өстүрүү. Долбоордун алкагында 16-33 жаштагы 50 кыз-келиндер тандалып алынган. Тандоо учурунда айылдардан келгендерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга артыкчылык берилген. Финалга чыккандар жаңы билим жана тажрыйбага гана ээ болбостон, ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы IT-компанияларында стажировкадан өтүп, жумуш таба алышты.

«Программист Айымдар II» долбоору 2021-жылдын октябрында башталган. Бул убакыттын ичинде катышуучулар программалоонун Frontend жана Android сыяктуу багыттарын үйрөнүп, оратордук өнөр, социалдык ишкердик, SMM негиздери, лидерликти өнүктүрүү, коммуникация жана командада иштөө боюнча тренингдерге катышышкан, ошондой эле англис тил курстарына жана IT тармагындагы алдыңкы адистердин программалоо боюнча тренингдерине барышышкан.

Катышуучулардын көбү мурда башка кесипти окушкан, бирок башка тармакка өткүсү келишкен. Мисалы, Нурзада Асанбаева долбоорго чейин архитектура жана курулушта иштеп, бирок бул каалаган тармак эмес экенин түшүнгөн.

«Мен муну түшүнгөндөн кийин өзүмдү ар кандай багытта сынай баштадым. Пандемия учурунда алыстан иштөөгө мүмкүндүк берген бир нерсе кылышым керек экенин түшүндүм. Ар кандай багыттарды изилдеп, бирок келечеги эң кең – бул IT тармагы экенин тез эле байкадым. «Программалоонун негиздери» долбооруна катышып, андан кийин «Программист Айымдар» долбооруна тандоо жүрүп жатканын көрүп, катышууну чечтим», – дейт Нурзада.

Ал, башка көптөгөн катышуучулар сыяктуу эле, долбоор аяктагандан кийин IT багытында өнүгүүнү улантмакчы.

«Долбоор региондордон келген жаш кыз-келиндерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген кыздарга бүгүнкү күндө келечектүү жана акы төлөнүүчү кесипти өздөштүрүүгө жардам берет. Долбоордун маанилүү бөлүгү – бул биздин мүчөлөрүбүз финансылык жактан көз карандысыздыкка жетиши. Ошондой эле, аймактардан келген аялдарды эмгекке тартуу өлкөнүн экономикасын жана жалпы эле социалдык-экономикалык абалды чыңдоого оң таасирин тийгизет”, – дейт долбоордун жетекчиси Ширин Муканбетова.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары