Улуттук банк 33.7 млн доллар сатып алып, интервенция жасады
Улуттук банк 10-июнда рыноктон 33.7 млн АКШ долларын сатып алып, быйыл бешинчи интервенция жүргүздү. Бул тууралуу регулятор өз сайтында билдирди.
21.5 млн долларды сатып алуу бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен ишке ашырылган. Дагы 12.2 млн долларды Улуттук банк кийинчерээк алат – бул бүтүмдөр интервенция болгон күндөн башка датага карата түзүлгөн.
Белгилей кетсек, быйыл бул Улуттук банктын доллар сатып алуу боюнча бешинчи интервенциясы. Буга чейин Улуттук банк валютаны 30 жана 31-мартта, ошондой эле 18 жана 20-майда сатып алган.
Ошондой эле жыл башынан бери өскөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн долларды сатуу боюнча беш тескери интервенция болгон. Алар 12 жана 27-январда, 24-февралда, 4 жана 10-мартта жүргүзүлгөн.