Жеке жана каржы секторуна пайызсыз каражат берилет
2022-жылдын 10-июнунда өзгөчө кырдаалдардын аткарылышын тактоо жана Кыргызстандын жеке жана каржы секторун колдоо Долбоорун (EPFS) ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөн. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жеке жана каржы секторуна чукул колдоо көрсөтүүнүн ишке ашырылышын тактады, деп билдирди Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы.
Өткөн жума күнү Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова жана каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун катышуусунда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен өзгөчө кырдаалдардын аткарылышын тактоо жана Кыргызстандын жеке жана каржы секторун колдоо Долбоорун (EPFS) ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөн.
Суроо-жооптордун жүрүшүндө жеке жана каржы секторун чукул колдоо долбоорун ишке ашыруу Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан колдоого алынып жаткандыгы айтылды.
Долбоордун максаттары микро, кичи жана орто ишканаларды (МКК) колдоо, басаңдаган экономикалык темпте ишканаларга жардам берүү жана жумуш орундарын сактоо болуп саналат.
Долбоор 72 млн доллар өлчөмүндө кайтарымсыз негизде пайызсыз жардам көрсөтүүнү каржылайт, бул болжол менен 6 млрд 84 млн сомду түзөт.
Каражаттар пайызсыз негизде бөлүнөт, бирок алынган акча кайтарылып берилет.
Компонент чакан жана орто ишканаларга алардын кыска мөөнөттүү муктаждыктарын колдоо үчүн финансылык жардам көрсөтөт. Банк тарабынан белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин, көрсөтүлгөн жардамдын суммасы кайтарылышы керек.
Долбоорго катышуу үчүн зарыл критерийлер:
1-категория – КР салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер (2018-жылдын 7-январынан тартып банкка арыз берген күндөн тартып 8 айдан кем эмес иштеген).
2-категория – жеке ишкерлер (банкка арыз берген күнгө карата 2018-жылдын 7-январынан тартып 8 айдан кем эмес иштеген):
– жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн юридикалык жактар (банкка кайрылган датага 2018-жылдын 7-мартынан тартып 8 айдан кем эмес иштеген).
– салыктардан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн же алар боюнча карыздын/бошотуунун жоктугу, ошондой эле банкка кайрылган датага кредиттик бюронун маалыматтарын эске алуу менен.
Валюта: сом КР
Пайыздык чен: 0% (пайызсыз)
Финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 18 айга чейин
Каржылык жардамдын көлөмү:
1-категория үчүн – 250 000 сомго чейин
2-категория үчүн – 1 000 000 сомго чейин
Каралуучу чыгашалар:
иштеп жаткан жүгүртүү каражаттары (чийки зат, материалдар, запастар, товарлар жана ишкердик иштин иштеши/калыбына келтирүү үчүн башка ресурстар);
эмгек акы боюнча чыгашалар;
жеткирүүчүлөрдүн эсеп-фактуралары
ижара чыгымдары;
коммуналдык чыгымдар (анын ичинде интернет).
Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.
Бардык суроолор боюнча кайрылуучу даректер жана аткаруучу банктардын тизмеси министрликтин сайтында көрсөтүлгөн.