ККМ жана эсеп-фактураларга каршы ишкерлердин митинги эмне менен аяктады?

ККМ жана эсеп-фактураларга каршы ишкерлердин митинги эмне менен аяктады?

Министрлер кабинетинин төрагасы контролдук-кассалык машиналарды киргизүүгө каршы митингдин катышуучулары жөнөткөн делегаттарды кабыл алып, бизнестин ар кандай категориялары үчүн ийкемдүү шарттар боюнча талкуу жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жарым жылдан бери ишкерлер жана сатуучулар кассалык аппараттарды жана эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө орнотууга каршы чыгып келишет. Бул чыгымдардын өсүшүнө, биринчи кезекте азык-түлүктүн кымбатташына алып келет, дешет ишкерлер.

Ошондой эле митингдин катышуучулары салык кызматынын кызматкерлеринин ишине да нааразычылыгын билдиришти.

«Биз ансыз да патентти ай сайын үзбөй төлөйбүз. Кимдир бирөө төлөбөй коюшу мүмкүн, бирок баары бир ошол акчаны салык кызматкерлерине төлөшөт, муну баары эле билет. ККМ орнотуу контрабандага жана көмүскө экономикага каршы күрөшкө эч кандай таасирин тийгизбейт, мыйзам бузгандарды туура эмес жерден издеп жатасыңар. Эгер контрабанда сыяктуу чоң иш менен алек болсом, унчукпай ал ишти жасап, бул жерде турмак эмесмин. Мен базардагы соодагермин, соода кылган жеримдин аянты болгону 2 чарчы метр. Эсеп-фактура менен кантип иштегенди билбейм», – деп нааразычылыгын айтты ишкер аялдардын бири.

Салык кызматкери ага абалды түшүндүрүүгө аракет кылды:

«Патент үчүн айына канча төлөйсүз? 800 сомбу? 1500 сомбу? Эгерде 1500 сом төлөсөңүз, демек, күнүнө 50 сом гана салык төлөйт экенсиз. Ал эми күнүмдүк жүгүртүүңүз канча сом»? – деп сурады ал.

«Кумшекерге 1 сом кошом. 50 тыйыны баштыкка кетет. Баардыгыбыз ижара акысын, свет, коопсуздук үчүн жана башкаларды төлөйбүз. Ансыз деле чыгашабыз көп. Эмне үчүн акча төлөш керек болгондо мыйзам иштейт, ал эми, мисалы ооруканага барсам, иштебей калат? Мен мамлекеттен бир сом сураган жокмун, бардык жерде төлөшүң гана керек», – деп жооп берди ал.

Кечирээк митингчилердин алдына минкаб төрагасы чыкты. Салон иштеткен айым Акылбек Жапаровдон чачтарач болуп иштегендерге кассалык аппараттын эмне кереги бар экенин сурады. Бир күн киши бар, бир күн эч ким кирбейт экенин, ошондой эле эмне үчүн Кара-Балтадагы 50 чачтарачтын онуна ККМ коюлуп, кыркына коюлбагандыгын айтты.

«Биз азыр кризисте турабыз, продукциялар күн сайын кымбаттап жатат. Күзүндө эмне болору белгисиз. Украинада буудай жок, россиялык буудай жетпейт. Биз пандемиядан кандай чыксак, бул кымбатчылык заманынан ошондой ынтымакта чыгышыбыз керек. Баалар ого бетер көтөрүлүшүнө жол бербешибиз керек”, – деп сүйлөп чыкты ишкерлердин бири.

Министрлер кабинетинин башчысы бул арыздарды угуп, кээ бир жеңилдиктер болорун айтып, бирок товарларды эсепке алуу системасы иштеши керектигин айтты.

“Биз диалогго даярбыз жана биргелешип өз ара пайдалуу макулдашылган чечим издейбиз. Ишкерлерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү, биз бизнестин ар кандай критерийлеринин жана категорияларынын негизинде бардык варианттарды карап чыгабыз», – деди Акылбек Жапаров.

Чиновник ККМди киргизүү жана жалпысынан салык процедураларын санариптештирүү бир нече этап менен жүргүзүлөрүн айтты.

«Биз салыкчыларды окутабыз, зарыл болсо салык кызматынын курамын жаңылайбыз, бирок товарларды эсепке алуу системасы иштеши керек. Буга чейин ар бир аймактын санариптик картасы түзүлүп, бардык аймактардан түшкөн маалыматтар Кырдаалдык борборго чогултулуп жатат. Сатып алынган товарлар үчүн эсеп-фактураларды алуу маанилүү, эгерде сиз спирт ичимдиктерин, тамеки жана дары-дармектерди сатуу менен алектенсеңиз, акысыз кассалык аппараттарды орнотуңуз. Калган шарттарды ишкерлердин бардык топтору үчүн ийкемдүү жана ыңгайлуу кылабыз», – деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы. 

Делегат катары жөнөтүлгөн ишкерлерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ 10 күн иштейт экендиги белгиленди. Иштин жыйынтыгы боюнча соода түйүндөрүнүн ар биринин жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу шарттары иштелип чыгат.

Эске салсак, кечээ, 13-июнда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 200дөн ашык ишкерлери жана соодагерлери кассалык аппараттарды жана эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонууга каршы митингге чыгышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары