Кыргызстанда бардык инвестициянын дээрлик 40%ы тоо-кен тармагына жумшалат
Кыргызстанда инвестициянын негизги көлөмү тоо-кен тармагына туура келет жана 40%га жакын бөлүгүн түзөт. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясынын жүрүшүндө билдирди.
Ошондой эле, анын айтымында, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө инвестициялардын агымы өсүүдө. Инвестициялардын 30-40%ы кайра иштетүү тармагына туура келет.
«Бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген шарттар жана либералдык чөйрө башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгуу үчүн бекем негиз түзөт, биз дүйнөнүн 145тен ашуун өлкөсү менен соода жүргүзөбүз. КМШда 1998-жылы ДСУга кирген биринчи өлкөбүз. Биз региондо биринчилерден болуп Евробиримдиктен ВСП+ статусун алдык жана продукциянын 6.5 миңден ашык түрүн Европа өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз экспорттой алабыз», – деди ал.
Ал ошондой эле Кыргызстан АКШга экспорттоо үчүн 3.6 миң товарга жеңилдиктер жана преференциялар берилгенин белгиледи.