Май айында инфляция 0.3%га чейин басаңдады
Кыргызстанда инфляция басаңдады. Май айында керектөө бааларынын өсүшү апрелге салыштырмалуу 0.3%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Азык-түлүк эмес товарларга баалар 0.6%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 0.5%га кымбаттады. Ошол эле учурда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге баа 0.9%га төмөндөгөн. Калкты тейлөөгө тарифтер апрель айынын деңгээлинде калды.
Ошону менен бирге май айында кой эти (5.2%га), жаңы мөмө-жемиштер (4.2%га), ун (3%га), кант (2.5%га), нан (1.6%га) жана май (0.8%га) кымбаттады.
Ош шаарынан (-0.1%) тышкары, республиканын бардык аймактарында инфляция белгиленген. Баалардын максималдуу өсүшү – 2% – Нарын облусунда катталган.