Май айында инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда белгиленди
2022-жылдын май айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча, 2022-жылдын май айында өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү ЕАЭБдин бардык мүчө-өлкөлөрүндө байкалып, эң көп өсүш (1.4%) Казакстанда катталган.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторунда инфляциянын деңгээли, % менен:
| 2022-жылдын май айында апрелге карата | Май айында 2021-жылдын декабрь айына карата | |
| Армения | 0.1 | 6.0 |
| Беларусь | 0.7 | 11.9 |
| Казахстан | 1.4 | 8.8 |
| Кыргызстан | 0.3 | 7.5 |
| Россия | 0.1 | 11.8 |
Ал эми 2022-жылдын май айында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (11.9%) Беларуста катталган. Буга азык-түлүк эмес товарларга (14.0%) жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын 7.3%га өсүшү себеп болду. Россияда тамак-аш азыктарына (анын ичинде алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге) баалардын максималдуу өсүшү 13.8% деңгээлинде белгиленип, өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу инфляция 11.8%ды түзгөн.