ОКӨФ баалуу кагаздар рыногуна 5 млн доллар салууну пландаштырууда
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногунда портфелдик инвестор болууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу ОКӨФ башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков Эл аралык көп тармактык бизнес миссиясынын жүрүшүндө билдирди.
Ал белгилегендей, 2020-жылдын аягында фонд Кыргыз фондулук биржасынын акцияларынын бир бөлүгүн сатып алуу процессин баштаган. Бүгүнкү күндө ОКӨФ Кыргыз фондулук биржасынын 7% акцияларын ээлейт.
«Фонддун максаттарынын бири – Кыргызстанда фондулук рынокту өнүктүрүү болуп саналат. Бул үчүн 2022-жылдан тартып фонддун каражаттарынын бир бөлүгүн кыргызстандык корпоративдик эмитенттердин облигацияларына салууну пландап жатабыз. Бир ай мурун кеңеш бул демилгени колдоп, фонддун каражаттарын корпоративдик облигацияларга инвестициялоо боюнча пилоттук долбоорду жактырган», – деди ал.
Инвестициялардын көлөмү баштапкы этапта 5 млн долларды түзөт, эгерде оң натыйжалар чыкса, өсө бермекчи.