Appboxо аталган кыргызстандык стартап Борбор Азия боюнча эң мыкты деп табылды

Appboxо аталган кыргызстандык стартап Борбор Азия боюнча эң мыкты деп табылды

Appboxо аталган кыргызстандык стартап Казакстанда өткөн биринчи Борбор Азиялык венчурдук форумда (CAVF) “Борбор Азиядагы эң мыкты стартап” сыйлыгын алды.

Иш-чарада тажрыйбалуу венчурдук инвесторлор жана инвестицияларды издеген, рынокко жаңыдан чыккан стартапчылар чогулду.

Аccelerate Prosperity Кыргызстан жана Accelerate Prosperity Таджикистан форумда АР глобалдык кеңсесинин атынан катышып, CAVF форумунун расмий өнөктөшү болушту.

Форумдун спикерлери: Тимур Турлов, Айдын Рахимбаев, Мурат Абдрахманов, Адил Нургожин, Ануар Сейфуллин, ошондой эле КМШ, АКШ жана Европанын өнүккөн венчурдук капитал рынокторунда эксперт болгон ондогон ийгиликтүү казакстандыктар сүйлөп чыгышты.

Белгилей кетсек, Каниет Раев менен Нурсултан Кеңешбековдун Appboxo стартапы жыл башында англиялык RTP Global венчурдук фондунан 7 млн доллар тартышкан.

Appboxo иштеп чыгуучуларга өз колдонмолорунан “супер-колдонмолорду” жасоого мүмкүндүк берет. Ал эми колдонуучулар бир колдонмонун ичинде бир нече мини-колдонмону пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бүгүнкү күндө Appboxo-нун кардарларынын катарына GCash, Paytm жана VodaPay кирет. Appboxo Түштүк-Чыгыш Азиядагы, Индиядагы жана Түштүк Африкадагы өнөктөштөр менен иштейт. Компания 400дөн ашык мини-колдонмолордун интеграциясынын иштөөсүн камсыз кылат. Appboxo-нун колдонуучуларынын жалпы саны 500 миллиондон ашат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары