Биз көчөнү эле жылытып жатабыз – Кыргызстанда энергия үнөмсүз пайдаланып жаткандыгы жөнүндө эксперттин пикири

Биз көчөнү эле жылытып жатабыз – Кыргызстанда энергия үнөмсүз пайдаланып жаткандыгы жөнүндө эксперттин пикири

Кыргызстан энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча дүйнөлүк рейтингде 15-орунда турат. Бул тууралуу “Юнисон Групптун” президенти Нурзат Абдырасулова «Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергияны натыйжалуу пайдалануу аркылуу энергетика тармагын өнүктүрүү» жыйынында билдирди, деп жазат 24.kg.

Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясынын жетишпей жатканына карабастан, Кыргызстандын бийлиги энергияны үнөмдөөгө көңүл бурбай жатат.

«Кыргызстан энергия сыйымдуулугу боюнча дүйнөлүк рейтингде 15-орунда турат. Өнүккөн өнөр жайы жок чакан өлкө үчүн бул өтө жаман көрсөткүч. Бул республикада энергия үнөмсүз колдонулуп жаткандыгынан кабар берет», – дейт Нурзат Абдырасулова.

Ал ошондой эле 1998-жылы кабыл алынган энергияны үнөмдөө мыйзамы иштебей жатканын эске салды. Имараттардын энергияны үнөмдөөсү боюнча мыйзамдын аткарылышы да начар жүрүп жатат.

Абдырасулова белгилегендей, имараттар энергиянын (жылуулук, көмүр жана башкалар) 50%дан ашыгын керектейт, бирок ошол эле учурда энергиянын үчтөн эки бөлүгүн текке кетирет.

«Эгер тепловизор аркылуу имараттарды карасаңыз, алар шам сыяктуу күйүп турат. Жеке үй болобу же көп кабаттуубу, алар чоң көлөмдөгү энергияны өткөрүшөт. Чындыгында, биз көчөлөрдү эле жылытып жатабыз”, – дейт Нурзат Абдырасулова.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары