Эми кыргызстандык өндүрүүчүлөр соода түйүндөрүнө 5%дан ашпаган ретробонус коюмун төлөйт

Эми кыргызстандык өндүрүүчүлөр соода түйүндөрүнө 5%дан ашпаган ретробонус коюмун төлөйт

Ички соода жөнүндө мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосунда өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн шарттарды түзөт. Бул тууралуу минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев агроөнөр жай комплексинин бизнес-ассоциацияларынын, соода түйүндөрүнүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ички соода жөнүндө мыйзам долбооруна тийиштүү актуалдуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, тараптардын соода түйүндөрүнүн товарларга төлөө мөөнөтүнө, товарларды сатууда соода түйүндөрүндө киргизилген сый акынын пайызына (ретробонус), соода түйүндөрүнүн азык-түлүк жеткирүүчүлөрдүн товарларын кайтарып берүүсү боюнча талаштуу суроолору болгон.

Тараптар өз пикирлерин билдирип, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча талаш маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келишти. 

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, ретробонус коюмдарын аныктоо боюнча маселелер чечилди, тактап айтканда, тараптар минкаб тарабынан бекитилген тизмеге ылайык, ата мекендик өндүрүштөгү социалдык маанилүү товарларга 0% коюмга, ошондой эле ата мекендик азык-түлүк товарларына 5% ашпаган коюмга макул болушту.

«Жетишилген макулдашуулар ата мекендик өндүрүшчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууга шарттарды түзөт. Эң негизгиси, акыркы колдонуучулар туруктуу жана адекваттуу баада сапаттуу товарлар менен камсыз болушат», – деди ал.

Тармактык мамлекеттик органдар эки күн ичинде андан ары бекитүү үчүн ата мекендик азык түлүк товарларынын тизмегин сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары