«Инфокомдун» ишинен түшкөн таза киреше 122 млн сомду түздү
Бүгүнкү күндө өлкөдө 34 жаңы форматтагы калкты тейлөө борборлору (КТБ) иштеп жатат, анын ичинен Бишкек шаарында 3 кичи КТБ иштейт. Мындай маалыматты санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Транспорт, коммуникациялар жана архитектура боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы «Инфоком» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза киреше 122 млн сомду, 2020-жылы 72 млн сомду түзгөн.
Талантбек Иманов жолугушуунун алкагында санариптештирүү, электрондук башкарууну өнүктүрүү, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызматтарды көрсөтүү, республикалык масштабдагы заманбап IT-долбоорлорду киргизүү боюнча министрликтин ишинин негизги багыттарына токтолду. Маалыматтык камсыздоону жакшыртууга багытталган ал долбоорлордун ичине «Infodocs», «Санарип аймак», «Е-кызмат», «Мамлекет платформа катары» жана башка электрондук документ жүгүртүү системалары кирет.
Ошондой эле, КТБда Социалдык фонддун кызматтарын көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор жана арыз ээсин турган жерине барып каттоо жана документтештирүү боюнча мобилдик топтор иштеп жаткандыгы айтылды.
«Инфоком» ММнин директору Рыскулбек Осмоналиев билдиргендей, өткөн жылы калкка 570 миң ички паспорт, 480 миң жарандык паспорт жана 200 миң айдоочулук күбөлүк берилген.