Ишкер айымдар бизнесин өнүктүрүү үчүн быйыл дээрлик жарым миллиард сом алышты
Үстүбүздөгү жылдын беш айында «Кепилдик фонду» ААКсы чакан жана орто бизнестеги аялдардарга 100 млн сомго жакын суммага 62 кепилдик берүү менен колдоо көрсөттү. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.
Бул кепилдик берүү ишкер айымдарга 473 млн сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстардан алууга мүмкүндүк берди.
Бардыгы болуп «Кепилдик фонд» ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде 1 млрд сомдон ашкан суммага дээрлик 800 гарантиялар берилген. Анын аркасы менен ишкер аялдар 3.5 млрд сомдон ашык суммага банктык кредиттерди алышкан.
«Кепилдик фонду» ААКтын кызматын пайдаланган аялдар дээрлик бардык тармактардын өкүлдөрү болуп саналар. Алардын арасында экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу тармактардын өкүлдөрү, тигүүчүлөр, айыл чарба өндүрүшчүлөрү, кайра иштетүүчүлөр бар», – деп билдиришти фонд кызматкерлери.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы кредиттик ресурстарды алууга кепилдиктердин жалпы санынын дээрлик үчтөн бир бөлүгү түздөн-түз аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө берилген.