Кыргыз шырдактары Нью-Йоркто: аймактарда миң аялга шырдак жасоону үйрөтүп, экспортко чыгарган Алия Рахман
Nakta Designs – бул шырдак чыгарып, Европага жана АКШга саткан ишкана. Анын Umai Rug (“Умай килеми”) аталган шырдактарынын бири дүйнөгө таанымал A’Design Award & Competition сынагында күмүш сыйлыкка ээ болгон.
Алгач Nakta Designs экспортко гана багытталган, бирок акыркы жылдары Кыргызстанда жана Казакстанда алардын продукциясына суроо-талап күчөп, эми продукциянын жарымы жергиликтүү рынокто сатылууда.
Тогуз жыл мурун Алия Рахман шырдак жасоочу устакана ачкан. Бул бизнести баштоого өлкөнүн аймактарына болгон сапары түрткү берген. Ишкер айым Economist.kg басылмасына бизнеси кандай өнүккөнү, компаниянын негизги максаты жөнүндө айтып берди.
– Сиз бул ишти кантип баштадыңыз эле?
– Америкада, Германияда 11 жыл жашадым, корпоративдик компанияларда иштедим. Америкалык досторумду бул жакка алып келгенде, эң эсте каларлык өлкөлөрдүн бири болот деп убада бергем, болбосо алар аябай көп саякаттаган адамдар.
Биз аймактарды кыдырып, жергиликтүү элдин үйүндө жашап, ала кийиз, туш кийиз, шырдак сыяктуу ар кандай улуттук үй буюмдарын көрдүк, ал тургай аларды жасоо процессине да катыштык.
Аларды жасоо үчүн жүн, суу, самын гана керектелерин, калганынын баары – бул чебер аялдардын өтө чоң оор эмгеги экенине маани бердим.
Ошол эле учурда бул абдан кейиштүү көрүндү, анткени ал кезде шырдак бизде интерьер буюму катары кабыл алынчу эмес.
Шырдак жасаганды билген чоң энелер карып баратат, бул өнөр жок болуп кетиши мүмкүн деп ойлоп койдум. Мен бир жыл бою ушул жөнүндө ойлонуп, улуттук шырдактарыбызды сатуу боюнча долбоор ойлоп таптым. Мен бизнес мектебинде бекер окуган жокмун да.
– Бул бизнестин өзгөчөлүгү эмнеде?
– Биз бул өнөрдү кайра жандандырганыбызга кубанычтабыз. Азыр заманбап үйлөр менен кеңселер да шырдакты жерге төшөө үчүн гана эмес, кооздук катары колдонгусу келет.
Ар бир шырдактын окуса боло турган баяны бар. Ар бир оймо-чийме өзгөчө маани билдирет, шырдакты карап, аны ким жасаганын, ким үчүн жасалганын түшүнсө болот – күйөөгө кетип жаткан кызгабы же аксакалгабы, үй-бүлөнүн атасынабы же мергенчигеби, жана башка ушул сыяктуу.
Менин айтайын деген оюм мындай: сырттан бир нерсени издеп кереги жок, биз эч кимде жок, өзүбүзгө гана тиешелүү бир нерсени алып, өнүктүрсөк болот жана бул иш өзүбүз үчүн эң жакшы иш болуп чыгат.
Анын үстүнө, биз бул жаатта монополистпиз, башка өлкөлөрдө шырдак жасабай калышкан. Айылдарда элдин килем сатып алууга кээде чамасы жок болгондуктан, чоң энелер шырдак шырый беришет. Казакстанда социалдык колдоо бир аз жакшыраак өнүккөн, балким ушундан уламбы, бул иш кереги жок болуп, токтоп калган. Жасаса да өтө кымбат жасайт же сапатсыз жасашат.
– Сиздин башында канча акча салдыңыз?
– Бул ой пайда болгондо, Америкадагы эки досумду тартып, ар бирибиз 8 миң доллардан чогултуп, 26 миң доллар салдык. Биз устакана ачуу идеясын иштеп баштап, ага көп убактыбызды жумшадык. Бир нече убакыт өткөндөн кийин менин өнөктөштөрүм долбоордон кетип, компания аларга өз үлүшүн төлөп берди. Бирок алардын колдоосу болбосо, ишкана чындап ишке кирмек эмес.
Пайда үч жылдан кийин гана түшө баштады. Социалдык долбоор ишин улантып кетиши үчүн, коммерциялык компонент керек экенин, антпесе адамдардын иштегиси келбей каларын түшүндүм. Биз шырдакты заманбап интерьердин бир бөлүгү катары сунуштоо боюнча иштей баштадык.
– Кардарларыңыз кимдер?
– Учурда Кыргызстанда сатуу аз, көбүнчө чет өлкөдөн сатып алышат. Эл аралык көргөзмөлөргө барганда, ал жактагылар шырдак өзгөчө нерсе экенин дароо түшүнүшөт. Килемдер токуу технологиясы менен жасаларына баары көнүп калган, а бизде көчмөндөрдүн технологиясы сакталып калган.
Биз ошондой эле Алматыдагы жаңы Опера жана балет театрына шырдак жасап бердик, анын аянты 10х11 метр болду. Биз аны жасап жатканда эч бир бөлмөгө батыра албай койгонубуз эсимде. Аны сыртка алып чыгып, көчөдө иштөөгө туура келди.
Биз ошондой эле эл аралык деңгээлдеги заманбап сүрөтчүлөр менен иштешип, алардын сүрөттөрүн кийизге түшүрөбүз.
– Кол өнөрчү айымдарды кантип табасыз?
– Бизде кол өнөрчүлөр айылда жашагандар, жана алар балдары менен үйдө отуруп, акча таап жатканы жакшы.
Менин бир чеберим: “жайкысын күйөөм дыйканчылык кылып акча тапса, кышында шырдактан түшкөн пайдага жашайбыз” дейт.
Дагы бир чебердин айтымында, алардын малынын саны көбөйүптүр, анткени тамак-аш сатып алуу үчүн улам кой сойбой калышыптыр. Ошентип, алардын козулары жыл сайын эки эсе көбөйө баштаптыр.
Орто эсеп менен чеберлер 20 миң сом алса, тажрыйбалуу жумушчулар 40-50 миң сомго чейин айлык алышат. Алардын көбү жуунуучу бөлмө, туалет кошуу сыяктуу жашоо шартын жакшырта алышты.
Жада калса мобилдик интернет да жок айылда жашаган бир уста кызыбыз бар. Ал келип, заготовкалардын баарын алып, бир айга жок болуп кетти. Ага же чала алалбайбыз, же жаза алалбайбыз. Андан ал даяр ишин көтөрүп, кайра пайда болду. Эми ал шырдак Нью-Йорктогу сонун бир саркеч батирди жасалгалоого кетип жатат. Мындай окуялар абдан шыктандырат.
Кол өнөрчү аялдарды издеп, биз бүт Кыргызстанды кыдырдык. Алар тез үйрөнгөн, тартиптүү болушу керек. Ишти кечиктирип, «ой, той болуп калды» деп койгон учурлар бар. Бул биздин жумушка тоскоол болот.
Андан соң USAIDдин жардамы менен аймактарга барып, бул кесипти өздөштүрүүнү каалагандарды издеп, кол өнөрчүлөргө заманбап өндүрүш технологияларын үйрөттүк. Жалпысынан алганда, компания 1025 аялды бул ишке үйрөткөн.
– Шырдактардын баасы кандай?
– Орто өлчөмдөгү 3×2 метрлик бир шырдакты даярдоо үчүн алты койдун жүнү кетет, эки чебер бир айдан ашык эмгектенет. Мындай шырдактын орточо баасы 450-500 долларды түзөт. Баасы дизайндын жана жасоо ыкмасынын татаалдыгына жараша болот.
– Долбоорду кошумча каржылоо болду беле?
– Компания түзүлгөндөн беш жыл өткөндө, ЮСАИД бизге колдоо көрсөтө баштады. Алардын жардамы менен биз чебер аялдарды окуттук, Франкфурт шаарында (Германия) Ambiente көргөзмөсүнө катыштык.
2019-жылы USAID жана Nakta Designs биргелешкен программаны ишке ашыруу боюнча 82 000 доллардык келишимге кол коюшкан, инвестициялардын үчтөн эки бөлүгүнөн көбүрөөгүн Nakta Designs компаниясынын өз салымы түзөт.







