Кыргызстан Россияга 134 млн доллардык айыл чарба продукциясын экспорттогон

Кыргызстан Россияга 134 млн доллардык айыл чарба продукциясын экспорттогон

2021-жылы Кыргызстан Россияга 134 млн доллардык айыл чарба продукциясын (мөмө-жемиш, жашылча, сүт азыктары жана балык) экспорттогон. Бул тууралуу Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясынын алкагында Айыл чарба министрлигинин кластердик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уран Чекирбаев билдирди.

Ал Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү экенин баса белгиледи. Россия өлкөбүзгө импорттогон айыл чарба продукциясынын көлөмү болжол менен 250 млн долларды түзгөн, бул негизинен дан азыктары жана өсүмдүк майы болуп эсептелет.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу Айыл чарба министрлигинин негизги милдеттеринин бири. Агроөнөр жай комплексин кластерлештирүү да маанилүү милдет болуп саналат.

«Бул жаатта биз санариптештирүүнү киргизишибиз керек жана Россия менен кызматташуу бул процессти жеңилдетмек. Россияга мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, сырларды жана форель балыгын жеткирүүнү көбөйткүбүз келет. Акыркы окуяларга байланыштуу биз Россиянын батыштан келбей калган продукцияга болгон керектөөлөрүнүн бир бөлүгүн камсыздай алабыз. Мисалы, органикалык эт менен», – деди Чекирбаев.

Ал кошумчалагандай, учурда Кыргызстанда 13 соода-логистикалык борбор жана 400гө жакын жашылча-жемиш сактоочу жай иштейт. Азия өнүктүрүү банкы менен бирдикте төрт бажы-логистикалык борбор жана эки дүң сатуу жана бөлүштүрүү борбору курулууда.

«Биз бул долбоорго россиялык компанияларды катышууга чакырабыз», – деди Уран Чекирбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары