Согуштун алгачкы эки айында Европа Россиядан 44 млрд доллардык отун сатып алган – Арнольд Шварценеггер

Согуштун алгачкы эки айында Европа Россиядан 44 млрд доллардык отун сатып алган – Арнольд Шварценеггер

Арнольд Шварценеггер Austrian World Summit климаттык саммитинде Европа өлкөлөрүн россиялык энергия алып жүрүүчүлөрдү (отундун бардык түрлөрү) сатып алуудан баш тартууга чакырды. Ал муну Россиянын согуш аракеттерин каржылоого барабар деп айтты. Бул тууралуу meduza билдирди.

Арнольд Шварценеггер – Австрияда туулган америкалык актёр жана Калифорния штатынын мурунку губернатору – Вена шаарында өткөн Austrian World Summit климаттык саммитинде сүйлөп чыкты. Ал Европа өлкөлөрүн россиялык энергия алып жүрүүчүлөрдү (отундун бардык түрлөрү) сатып алуудан баш тартууга чакырды. Ал муну Россиянын согуш аракеттерин каржылоого барабар деп айтты.

“Кайсы жагынан караба, колдорубуз канга малынган. Анткени биз бул согушту каржылап жатабыз. Украинанын трагедиясын күнүгө көрүп жатабыз. Бирок чынын айталычы. Согуштун алгачкы 2 айынын ичинде Россия учурган 1300 ракетанын баасы 7.7 млрд долларга барабар болгон. Бул аябай көп. Бирок ошол эле мезгилде Европа Россияга отун үчүн 44 млрд доллар төлөп берген… Биз өзүбүздү алдаганды, эки жүздүүлүктү токтотушубуз керек. Мына ушул учурда казып алынуучу отундан толугу менен баш тартууга бизде бардык керектүү технологиялар бар. Биз украиналык жаш балдардын астында, келечегибиздин астында милдетибиз бар”, – деди Шварценеггер.

Бул Шварценеггердин Украинадагы согушка байланыштуу биринчи кайрылуусу эмес. Буга чейин ал өлкөгө Россиянын басып киришин токтотууга чакырган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары