Аралыктан иштөөгө мыйзамдуу жол ачылат
Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев бул мыйзам долбоору алыстан (аралыктан) жумушту аткарган кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
“Замандын талабына жараша азыр көп жарандар аралыктан иштөөгө өтүштү. Эмгек мыйзамдарындагы жаңы нормаларды бекитүү менен аралыктан жумушту уюштурууга мыйзамдуу жол ачылат”, – деди министрликтин өкүлү.
Талкуу маалында депутат Нуржигит Кадырбеков мыйзам долбоорунун концепциясы туура экенин айтып, электрондук кол тамганы ишке киргизүүдөгү маселелерге токтолду. Электрондук кол тамга электрондук эмгек келишимдерди, документтерди ырастоодо абдан маанилүү.
“Бир электрондук кол тамганы жасатуу азыр 3800 сом турат. Андыктан мамлекеттик органдар аны иштеп чыгууну өз колуна алып, баасын азайтышы керек. Элден акча жыйноонун дагы бир түрүнө айланып кетпесин”, – деди депутат.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.