Кыргызстанда эт кескин кымбаттады: килограммынын баасы 600 сомдон ашты
Кыргызстанда бүгүнтөн баштап эттин дүң жана чекене баасы жогорулады. Бул тууралуу 24.kg билдирди.
Аталган маалыматтык агенттиктин окурмандарынын айтымында, эттин дүң баасы дароо 40-50 сомго – 530-550 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми дүкөндөрдө, базарларда чекене баалар 600-700 сомго чейин жетти. Баалар дагы жогорулашы күтүлүүдө.
«Сатуучулар мындай көрүнүш Кыргызстанда эттин аздыгынан болуп жатканын айтышты. Азыр кошуна Өзбекстанга эт экспорттолуп жатат, министрлер кабинети ушундай уруксат берген имиш”, – деп жазган окурмандардын бири.
“Ал эми Сокулукта дүң баа биз үчүн 10 сомго көтөрүлдү: буга чейин уй этин 440-460 сомдон алып сатсак, азыр 450-470 сомдон ала баштадык”, – деп билдирди жергиликтүү ишкерлердин бири. Ал да мал этинин баары Өзбекстанга экспорттолуп жатканын айтты.