Швейцария Бишкектин жаңы конуштарын өнүктүрүү үчүн 9 млн доллар бөлөт
Швейцария Бишкек шаарынын чет жакаларын өнүктүрүүгө багытталган 10 жылдык долбоорго 9 млн швейцариялык франк (9 млн доллар) берет. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушуп, «Аракет» аталган жаңы долбоорду талкуулады.
«Долбоор Бишкектин четиндеги жаңы курулуп жаткан конуштарда жашаган адамдардын турмушун жакшыртууга багытталган. Швейцария бул 10 жылдык долбоорго 9 млн швейцариялык франк бөлөт”, – деп айтылат кабарда.