Бишкекте беш айдын ичинде жол эрежесин бузгандарга 62.7 млн сом айып салынды
Бишкекте жыл башынан тартып беш айдын ичинде жол эрежесин бузгандарга жалпысынан 62.7 млн сом айып салынды, деп билдирет 24.kg маалымат агенттиги.
Патрулдук милиция кызматынын жетекчилигинин билдирүүсүнө жараша, Бишкекте унаа токтотуу эрежелери эң көп бузулат. Алардын айтымында, 2022-жылдын беш айында туура эмес жерлерге мыйзамсыз унаа токтотууга 77 миң 112 протокол түзүлгөн.
Жалпысынан январь айынан май айынын аягына чейин жол эрежесин бузуу боюнча 142 миң 777 протокол түзүлдү:
- коопсуздук курунун тагылбагандыгы жана мотоциклдик каскаларды колдонуу эрежелерин бузуу – 36 миң 510;
- жөө жүргүнчүлөргө жана велосипедчендерге карата эреже бузуу – 8 миң 151;
- мас абалында унаа айдоо – 1320;
- документи жок унаа айдоо – 907;
- мыйзамсыз тонировкалоо – 373;
- жасалма номерлер – 34;
- бейбаштык – 25;
- башка бузуулар – 18 миң 345.
Беш айдын ичинде 10 436 унаа штрафстоянкага коюлган. Мыйзам бузуулар үчүн мамлекеттик бюджетке 62 млн 74 миң 790 сом төгүлгөн.