Корея Кыргызстандын жарандарын айыл чарба иштерине чакырууга даяр
Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун делегациясы Кореянын Канвондо, Чолла-Намдо провинцияларынын жана Ульсан шаарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселесин талкуулашты.
Корея бийлигинин өкүлдөрү учурда эмгек ресурстарына муктаждык бар экенин айтышканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу алар КР жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартууга даяр экенин билдиришкен.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова SEEDON компаниясынын президенти Сон Хён Юль жетектеген кореялык делегация менен жолугушуп, Кыргызстандын жарандарын сезондук айыл чарба иштерине чакыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.
Өз кезегинде компаниянын президенти сезондук айыл чарба жумуштары программасы боюнча кыргыз жарандарды Чунчхон-Намдо провинциясындагы Тхэан округуна жана Чолла-Намдо провинциясындагы Муан округуна чакырууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деп макулдашышты.