Кыргызстанда электромобилдер рыногун өнүктүрүү пландалып жатат
Кыргызстанда электр кыймылдаткычтары бар унааларды колдонууну стимулдаштыруу жана заряддоо инфраструктурасын түзүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаеванын төрагалыгы алдында тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстанда электр кыймылдаткычтары бар унааларды колдонууну стимулдаштыруу жана заряддоо инфраструктурасын түзүү маселелери талкууланды.
Тактап айтканда, республикадагы, Бишкек шаарындагы экологиялык көйгөйдү, атмосферага зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгуусунун көбөйүшүн эске алуу менен электромобиль Кыргызстандын «жашыл» экономикасынын локомотиви экени айтылды.
Кыргызстанда углеводороддор менен газдын олуттуу запастарынын жоктугун, өлкө энергиянын импортунан дээрлик көз карандылыгын эске алсак, экологиялык транспортко басым жасоо жана электромобилдерди кеңири колдонууга тезинен өтүү стратегиялык максат болуп саналат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электромобилдер рыногун өнүктүрүү боюнча алгачкы кадамдар жасалганын белгилесе болот:
- 2019-жылдан тарта өлкө электр кыймылдаткычы бар автоунааларды импорттоо ставкасын нөлгө түшүрдү;
- шаардык электр транспортуна жана электр менен жүрүүчү транспорт каражаттарын заряддоо үчүн коомдук станцияларга электр энергиясына дем берүүчү тариф ж.б. бекитилген.
Жыйындын жыйынтыгында министрликтер, ведомстволор жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аткарылган бардык маалыматтарды жана иштерди консолидациялоо, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аткарылган иш-чаралардын планын ишке ашыруу жана КР электр унаа рыногун өнүктүрүү боюнча ишти активдештирүү чечими кабыл алынды.
Эскерте кетсек, Бишкек жана Ош шаарлары электробустарды ишке киргизгени жатат.