Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 6795 үй-бүлө батир алды

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 6795 үй-бүлө батир алды

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында 39 миң арыз катталган. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Тилек Жээмбаев билдирди.

Жээмбаевдин айтымында, жалпысынан 6795 үй-бүлө 6.9 млрд сомдук ипотека алды. Азыр электрондук порталда 39 миң арыз катталып, 12 миң 234 үй-бүлө ипотекага макулдук алса, алардын ичинен 3 770 үй-бүлө банктардын электрондук кезегине турду. Акча берилгенден кийин алардын кезеги жылат.

Ипотека эки багыт боюнча берилет: “Жеңилдетилген ипотека” – 4% менен (бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн) жана “Арзан ипотека” – 8% (жарандардын бардык категориялары үчүн).

Депутат Акбөкөн Таштанбеков былтыр жана быйыл 4%дык ипотека аркылуу канча адам үй алганын сурады.

“Былтыр октябрь айында жаңы программа ишке киргенден бери 1 миң 372 адам 3.1 млрд сом алды. Анын ичинде 2021-жылы 732 жаран турак жай сатып алды, 2022-жылы болсо – 640 адам насыяны алды. 125 үй-бүлө 8%дык ипотека алды”, – деп жооп берди Жээмбаев.

Темир-бетон жана кирпичтен салынган үйдүн баасы 520 долларды, панелдик үйдүкү – 370 долларды түзөт.

Эскерте кетсек, мамлекеттик ипотеканы алууну каалаган жарандар төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:

  • Кыргызстандын жараны болуу;
  • кредитти алуу жана акыркы төлөө учурунда 21-70 жашта болуу;
  • бир уюмда бир жылдан кем эмес иштөө же жалпы иш стажы – 2 жылдан кем эмес;
  • арыз берүүчүнүн өзүнүн турак жайы болбошу керек;
  • акыркы 3 жылда кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзбөгөн болушу керек;
  • төлөө үчүн кирешенин болушу;
  • тандалып алынган үй иштеген жеринен 60 км радиуста жайгашуусу тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары