Түтүн менен күрөшүү: активисттер жаңы конуштардагы «жашыл» долбоорлор үчүн 10 миң долларга чейин ала алышат
Бишкек шаарынын конуштарынын тургундарына жардам көрсөтүү максатында “Юнисон” фонду Эл аралык миграция уюмунун өнүктүрүү фондунун колдоосу менен “Абанын булганышы боюнча мигранттардын маалымдуулугун жогорулатуу жана “Дени сак шаар” программасына ылайык чараларды иштеп чыгуу” долбоорун баштады. Бул тууралуу “Юнисон Групптун” энергияны үнөмдөө боюнча эксперти Жаныбек Кулумбетов билдирди.
Коомдук уюмдардын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, суук айлардагы түтүндүн негизги булагы – бул көмүр жана тиричилик таштандыларын жагып, үй жылытуу. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын башка антропогендик булактары болуп: таштанды полигондорун өрттөө, унаалардын түтүктөрүнөн чыккан түтүн, жалбырактарды жана таштандыларды ачык жерде өрттөө, чакан заводдор, көмүр менен иштеген мончо жана сауналар, өрт жана ТЭЦ саналат.
Абанын сапатын текшерген көз карандысыз мониторинг жана Кыргызгидрометтин сенсорлорунун маалыматы боюнча, көрсөткүчтөр жылдан-жылга начарлоодо. Былтыркы жылдын октябрь айы ага чейинки эки жылга салыштырмалуу эң «кир” абалуу ай болду. Ал эми ноябрь айында абадагы майда бөлүкчөлөрдүн көрсөткүчтөрү максималдуу концентрациядан 2-3 эсеге ашып кеткен. 2021-жылдын 7-ноябрында Бишкек 269 деген көрсөткүч менен IQ Air антирейтингинде алдыңкы орунга чыккан, ал эми норма – 50 бирдикти түзөт.
«Дени сак шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн Бишкектин тегерегиндеги 50 конушта маалыматтык кампаниялар жүргүзүлүп, элди кабардар кылуу максатында жыйындар жана тренингдер өткөрүлөт.
«Эң активдүү демилгелүү топтор жалпы суммасы 65 миң долларды түзгөн мини-гранттарды ала алышат. Катышуучулар 10 миң долларга чейин Бишкектин жаңы конуштарындагы инфраструктураларды энергияны үнөмдөө жагынан жакшыртууга багытталган долбоорлорго ала алышат», – деп айтышты фонддогулар.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жер үйдөгү жылуулук жоготуунун негизги булактары болуп төмөнкүлөр саналат: желдетүү системасы, үйдүн чатыры, терезелер, дубалдар жана пол.
Энергиянын көпчүлүк бөлүгү чатырдан (болжол менен 25-30%), дубалдын / полдун / пайдубалдын кошулган жерлеринен (болжол менен 10-15%) жана желдетүүдөн (20-25%) чыгып кетет. Дубалдар, полдор жана терезелер жылуулукту азыраак өткөрөт (орточо эсеп менен 10-15%).
Энергияны үнөмдөөчү чаралар көмүр жана энергия керектөөнү азайтууга жардам берет.
Долбоордун алкагында турак жай массивдеринин жашоочуларына имараттарды кандай ырааттуулукта жылуулоо туура жана эмне үчүн айрым үйлөр тез муздап калары жөнүндө айтылат. Жогорку сапаттагы курулуш материалдарын кантип тандоо керек, сметасын түзүү жана ишти пландаштыруу, энергияны үнөмдөөчү мештердин кандай түрлөрү бар жана күн энергиясын кантип колдонуу керек экендиги жөнүндө баалуу маалымат берилет.
Маалымдоо кампаниясы негизги тематикалык багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- энергияны натыйжалуу пайдалануу аркылуу айлана-чөйрөнүн сапатын жакшыртуу (мештер, имараттарды жылуулоо, жашылдандыруу, энергиянын кайра жаралуучу булактары);
- булганган абанын ден соолукка, ички жана тышкы абанын сапатына тийгизген таасири.
Долбоордун максаты – ички мигранттардын жана башка кызыкдар тараптардын абанын булганышы жана анын шаардын калкынын ден соолугуна тийгизген таасири жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу Бишкек шаарынын “Дени сак шаар” программасына ылайык абанын булганышына каршы күрөшүүгө жана иш-чараларды иштеп чыгууга салым кошуу.