Бөкөнтаев Улуттук банк кантип акча таап, канчасын бюджетке төгөрүн айтты

Бөкөнтаев Улуттук банк кантип акча таап, канчасын бюджетке төгөрүн айтты

Улуттук банктын кирешелери – бул чет өлкө валютасы жана алтын менен жүргүзгөн операциялардан алынган кирешелер, ошондой эле эл аралык резервдерди башкаруудан, банктарга жана эл аралык уюмдарга берилген кредиттерден, мамлекеттик баалуу кагаздардан жана башкалардан алынган пайыздык кирешелер. Бул тууралуу Улуттук банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев 24.kg агенттигине берген маегинде айтып берди.

Ал түшүндүргөндөй, Улуттук банктын чыгашаларына: регулятордун ноталарына, банктар жана башка финансы институттарынын каражаттарына, ЭВФтен алынган милдеттенмелерге пайыздарды төлөөгө кеткен чыгымдар кирет. Ошондой эле активдер боюнча резервдерди түзүүгө, банкноталарды жана монеталарды чыгарууга кеткен чыгымдар, административдик, комиссиялык жана башка чыгашалар бар.

Бөкөнтаев ошондой эле Улуттук банк алган кирешесинен өлкө бюджетине канча каражат которорун түшүндүрдү.

«Мыйзамга ылайык, эгерде Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервинин өлчөмү акчалай милдеттенмелердин 10%дан азын түзсө, анда пайданын 70% бюджетке төгүлөт. Эгерде уставдык капиталдын жана милдеттүү резервдин суммасы 10%дан ашык болсо, анда бүт пайда бюджетке “кетет”. Бюджетти колдоо үчүн чегерүүлөрдүн көлөмү көбөйтүлгөн.

2017, 2018 жана 2020-жылдары 70%дын ордуна 90%, 2019-жылы 70%дын ордуна 100% түзгөн.

Депутаттар “Улуттук банктын кирешесин которуу маселелери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алышты. Алар 2021-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешесинин 90%ы бюджетке төгүлүшү керек деп чечишти», – деп түшүндүрдү Кубанычбек Бөкөнтаев.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары