Быйыл Лондондо кыргыз-британ инвестициялык форуму өтөт
Быйыл Лондондо кыргыз-британ инвестициялык форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда, Бишкекте өткөн эки тараптуу кызматташуу боюнча биринчи кыргыз-британ министрликтер аралык консультацияла учурунда айтылды.
Бишкекте эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин делегациялары инвестициялык форумду уюштурууну, ошондой эле Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо, продукциянын сапаты, сертификация жана продукцияны жаңы рынокторго алып чыгуу боюнча кыргызстандык ишкерлерди окутуу боюнча долбоорлорду талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мындан тышкары, эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттары катары айыл чарба, жеңил өнөр жай, туризм белгиленди.
«Эки тарап ошондой эле КР жарандарын Улуу Британияда азыркы келишим боюнча ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты. Кыргыз тарап Бишкекте Улуу Британиянын виза борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү», – деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.



