Депутаттар Жерүй алтын кенинде болушту

Депутаттар Жерүй алтын кенинде болушту

Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 2022-жылдын 19-20-21-июнунда тоо-кен тармагында иштеп жаткан компаниялардын ишмердиги менен таанышуу максатында Талас жана Жалал-Абад облустарында көчмө жыйын өткөрүүдө.

Сапардын биринчи күнүндө эл өкүлдөрү Жерүй алтын кенине барышты. Кен Талас районунун аймагында Чоң-Чычкан дарыясынын жогорку агымында Үчкошкой суусунун сол куймасы, кырка тоолордун түндүк капталдарынын ортоңку Талас Алатаусунун бөлүгүндө 3200-3700 метр бийиктикте жайгашкан. Жакынкы Кара-Ой айылы 23 км алыстыкта жайгашкан жана кенге жакшыртылган кара жол менен туташтырылган. Жерүйдөгү алтындын баланстык запасы С1+С2 категориясы боюнча 12376,6 миң тонна руда жана 81428 кг алтын өлчөмүндө белгиленген.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө Жерүй кен жатагын иштетүү лицензиясына жана 2020-жылдын 28-августуна чейин Жерүй аянтын геологиялык-чалгындоо иштеринин лицензиясына ээ. «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коом «Восток-геолдобыча» ачык акционердик коому тарабынан уюмдаштырылган.

Жерүйдү иштетүү үчүн Талас алтын кен комбинаты курулган. 2015-жылы Жерүйдө геологиялык, топогеодезиялык, инженердик-экологиялык изилдөөлөр, ошондой эле кенди иштетүүнүн технологиялык регламентин кайра иштеп чыгуу башталган. Ал эми 2017-жылдын апрель айында Жерүй кенинде жолдор жана инфраструктура курулушу башталып, 2019-жылдын ноябрында Жерүйдө кен казуу иштери башталган. 2020-жылдын март айында алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика жана калдык сактоочу жайы ишке киргизилген.

Талас алтын кен комбинатын ишке киргизүү учуруна Жерүйгө жумшалган инвестициянын көлөмү (2015-жылдын июнь – 2020-жылдын март айы) 410 млн долларды түздү. Жерүй долбооруна инвестициянын жалпы көлөмү (анын ичинде ачык жана жер астындагы тоо-кен иштерин, кайра иштетүү комплексин техникалык жабдууну кошкондо) 600 миллион долларга бааланат.

Кенге болгон иш сапарынын жүрүшүндө депутаттарга алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын иши көрсөтүлүп, алтынды алуу технологиясы менен таанышты. Өз кезегинде эл өкүлдөрү тоо-кен тармагында иштеп жаткан компаниялар тарабынан экологиялык жана салык мыйзамдарын сактоо жана ишти эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык жүргүзүү керектигин белгилешти, ошондой эле өндүрүштүк коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары