«Газпромбанк» Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар программасын каржылайт

«Газпромбанк» Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар программасын каржылайт

Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар программасы россиялык “Газпромбанк” тарабынан каржыланат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык экономикалык форумда КР министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана «Газпромбанк» ААКнын ортосунда жолугушуу болуп, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

«Банк Россияда өндүрүлгөн товарларды сатып алуу үчүн КР Финансы министрлигин түз каржылоо маселесин карайт жана ыйгарым укуктуу банктар менен бирдикте алардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйт», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн Кыргызстанга рейтингдик консалтинг тармагындагы кызматтар көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, эки тарап биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен семинарларды жана конференцияларды өткөрүүнү пландаштырышты.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары