Кыргызстанда мектептерди оңдоого жылына 100 млн сом гана бөлүнөт
Жыл сайын мектептердин ремонтуна мамлекеттик бюджеттен 100 млн сом гана бөлүнөт. Бул тууралуу 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди, деп жазат azattyk.
Анын айтымында, бул сумма муктаждыктын 24.5%ын гана жабат. Ал кошумчалагандай, мектептерди демөөрчүлөрдүн жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен оңдоого аракет кылышат.
«Финансы министрлиги жыл сайын бюджеттен 100 млн сом бөлөт. Бирок министр Алмаз Бейшеналиев бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйтүүнү өтүнүп, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылган. Учурда өлкө боюнча 245 мектеп авариялык абалда», – деди министрдин орун басары.
17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы N18 орто мектебинде класстардын биринде сабак өтүп жаткан учурда шып кулап түшкөн. Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин имараттарын текшерүүнү тапшырган.
Акыркы маалымат боюнча, 2021-жылдын августуна карата Кыргызстанда 2262 мектеп бар. 2020-жылы өкмөт түзгөн комиссия өлкөдөгү 245 мектеп авариялык абалда экенин билдирген.