Орто-Токой суу сактагычында иштегендер 4-5 миң сомдон гана айлык алышат

Орто-Токой суу сактагычында иштегендер 4-5 миң сомдон гана айлык алышат

Суу сактагычты тейлеген кызматкерлер депутат менен болгон жолугушууда атайын жүктөгүч техникасы жоктугуна жана айлык маянанын аздыгына арызданышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында депутат баштаган мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү Кочкор жана Нарын райондорундагы ирригация жана мал чарба чарбачылыгына тиешелүү долбоорлордун аткарылышын талкуулайт.

Алгач депутат Аманкан Кенжебаев Орто-Токой суу сактагычына барып,  суу берилүүчү жайынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Белгилүү болгондой, учурда суу сактагычтагы топтолгон суунун көлөмү 308 млн куб, ал эми чыгарылган суунун көлөмү секундасына 125 куб.

Суу сактагычты тейлеген кызматкерлери менен болгон жолугушууда жумушчулар атайын жүктөгүч техникасы жок экенин айтып, муну менен катар айлык маянанын аздыгын белгилешти. Тагыраагы гидротехникалык курумдар боюнча инженер Бакыт Абдылдаев кызматкерлер 4-5 миң сомдон гана айлык алып жатканын маалымдады. Ошондой эле жумушчулардын балдарын мектепке алып барып келүү үчүн кичи автобус керектиги айтылды.

Депутат Аманкан Кенжебаев суу тармагын жөнгө салган мыйзамдарда мүчүлүштүктөр бар экенин белгилеп:

“Саясатты өзгөртүп, алгач суу сактагычтардын ишин жакшыртуу кажет. Бир техника маселеси чечилбей жатканы тармакта жүргүзүлүп жаткан иштин начардыгын көрсөтүүдө”, – деди.

Андан тышкары депутат суу тармагына тиешелүү маселелердин баарын бир мекемеге жүктөп, анын жоопкерчилигин да жогорулатуу зарылчылыгына токтолуп, бул жаатта комплекстүү чаралар керектигин белгиледи.

Айтылган маселелердин баарын тиешелүү мекемелер менен бирге чечүү аракети көрүлөрүн кошумчалаган эл өкүлү Жогорку Кеңештин тармактык комитети бардык керектүү чечимдерди кабыл алып берерин айтты. Андан тышкары, комитет төрагасы Кочкор районундагы “Кеңеш” насостук станциясынын иши менен таанышты. Станция жетекчилиги айлык маянаны көтөрүү, темир устаканасын жаңыртуу жана техникаларды чет өлкөдөн алып келүүдө бажы тоскоолдуктарын жоюу сунушун көтөрдү.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары