Өсүмдүк майынын баасы эмнеден түзүлөт?

Өсүмдүк майынын баасы эмнеден түзүлөт?

Кыргызстанда өсүмдүк майын өндүрүүнүн көлөмү керектөөнүн 10-12%ын камсыз кылат. Ошондуктан майдын 90%ы чет өлкөдөн (Россия, Казакстан) ташылып келет. Биз жума сайын сатып алган өсүмдүк майынын баасы эмнелерден түзүлөт? Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги маалымат берет.

Май өндүрүүдө чыгымдардын эсеби төмөнкүдөй нерселерден түзүлөт:

  • чийки зат жана негизги материалдар, калдыктар жана кошумча чыккан продукция (кемитилет);
  • көмөкчү жана таңгактоочу материалдар;
  • технологияга кеткен отун жана энергия;
  • өндүрүш кызматкерлеринин эмгек акысы, социалдык төлөмдөр;
  • жабдууларды эксплуатациялоого чыгашалар, жалпы өндүрүштүк чыгашалар, жалпы чарбалык чыгымдар, бракка байланыштуу жоготуулар, башка өндүрүштүк чыгымдар;
  • ишке ашырууга кеткен чыгымдар.

Өсүмдүк майларын жана алардан жасалган продукцияны чыгаруучу ишканалардын даяр продукциясына: рафинирленбеген майлар, тазартылган майлар, гидратталган майлар, олифа, сиккатив жана башка продукциялар кирет.

Жөнөкөйлөтүлгөн формуланы колдонуу менен күн карама майын өндүрүүнү минтип эсептесе болот:

1 литр май = 2.5 кг күн карама

тазалоо үчүн 6% жоготуу + 6 рубль таңгактоо үчүн

Күн караманын (уруктун) килограмманын баасы 30 рублди түзөт.

Ошентип, уруктардын баасы 30 рубль – 2.5 кг * 30 рубль + 6% жоготуу (4.5 рубль) + 6 рубль таңгак = 85.5 рубль (тазаланган, куюлган майдын 1 литри). Бул литрине 119.7 сомду түзөт. Бирок, бул баа салыктарды жана сатууга кеткен чыгымдарды камтыбайт. Аларды кошкондо, өсүмдүк майынын баасы орточо эсеп менен 20% же андан ашык пайызга өсөт. Ошондо заводдон чыккан майдын дүң сатуу баасы литрине орто эсеп менен 142 сомду (УБ курсу менен) түзөт.





Төмөндө өсүмдүк майын импорттоочулардын дүң сатуу баасынын орточо эсеби келтирилген:

Чыгымдардын структурасы1 литр үчүн чыгым (сом)
Россиядагы сатуу баасы142
Транспорттук чыгымдар4Орточо алганда, жеткирүү баасы 20%га өскөн
146
КНС жана сатуу салыгы (1%)1.462022-жылдын 23-мартынан баштап КНСтен бошотулган
147.5
Жеткизүүчүнүн кошумча чыгымдары (пайданы кошкондо)7.3
Дүң сатуу баасы154.8
Сатуу баасы160




Учурда өсүмдүк майын ташып келүүдө жана сатууда КНСтин ставкасын нөлгө түшүрүүнү эске алуу менен, өсүмдүк майынын баасы турукташып, литрине 130 сомдон 185 сомго чейин өзгөрдү.

Ошондой эле импортёрлор өсүмдүк майынын башка түрлөрүн да арзаныраак баада сатып алышат.

15.06.2022-жылга карата орточо рыноктук салыштырмалуу баалар (сом/литр):

Товардын аталышыКыргызстанКазакстанРоссияБеларусьАрменияТажикстанӨзбекстан
Тазаланган күн карама майы160182176138295209214
 

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары