Бишкектин жетекчилиги 200 автобус сатып алууга шашылыш тендер жарыялады
“Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишканасы” биринчи этапта 100 автобус, экинчи этапта дагы 100 автобус сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин сайтында маалым болду.
Билдирүүдө тендер шашылыш түрдө өтүп жатканы айтылат. Кызыккан компаниялардын арыздары 22-июнь саат 23:00гө чейин гана кабыл алынат. Сатып алынуучу автобустардын техникалык мүнөздөмөсү боюнча талаптарды электрондук почта аркылуу сураса болот.
Шашылыш түрдө автобустарды сатып алуу боюнча башка маалыматтар айтыла элек.
Апрель айынын башында министрлер кабинетинин жыйынында Акылбек Жапаров Бишкек мэриясын автобустарды сатып алуу маселесин кечеңдетип жатканы үчүн сынга алганын буга чейин Economist.kg жазган эле.
Жапаров Бишкекке жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен керектүү акча бөлүнгөнүн билдирген. Бирок бул маселе боюнча эч кандай жылыш жок болгондуктан, министрлер кабинетинин башчысы Бишкекке жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу маселесин эртерээк чечүүнү талап кылган.