Ош шаарынын мэриясы өз ипотекалык программасын ишке киргизди – бир үй бүттү, дагы экөө курулуп жатат
Ош шаарынын мэриясы өзүнүн ипотекалык программасын ишке киргизип, анын алкагында Достук кичирайонунда биринчи көп кабаттуу үйдү жашоочуларга тапшырды. Бул тууралуу “Азаттык” кабарлады.
Демилге Мамлекеттик ипотекалык компаниядан бөлөк ишке ашырылганы белгиленген.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун айтымында, 90 батирлүү үйдүн курулушуна бир жыл гана убакыт кеткен. Батирлер толугу менен жашоого даяр, бөлмөлөрдүн ички жасалгасы бүткөн, үй бардык инженердик тармактарга кошулган. Квартиралар газ плиталары жана сантехника менен жабдылган.
Маалым болгондой, дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктап, алар да муниципалдык ипотекалык программанын алкагында пайдаланууга берилет.
«Жалпысынан муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Ош шаарынын мэриясы 215 үй-бүлөнү турак-жай менен камсыз кылат. Мындан тышкары, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясы «Үлүштүк курулуш» долбоорун ишке ашырат. Бул долбоордун алкагында Набережная жана Тилек Баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Бул программа шаардын бардык жумушчу тургундарына ыңгайлуу турак жайга ээ болууга мүмкүндүк берет, ошондой эле шаарыбыздагы кыймылсыз мүлктүн баасы туруктуу болушуна жардам берет», – деди мэр Мамбетов.
Буга чейин Ош шаарынын мэриясы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында турак-жай 12 жылдык мөөнөткө 4% менен берилээрин билдирген. Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилген документке ылайык, батирлерди бөлүштүрүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, мугалимдерге жана дарыгерлерге артыкчылык берилет.