Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитеттин депутаттары Жалал-Абад облусундагы тоо-кен ишканаларына барышты
20-июнда эл өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Жамгыр алтын кенине жана Куру-Тегерек кенине барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
КР Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 2022-жылдын 19-20-21-июнунда тоо-кен тармагында иштеп жаткан компаниялардын ишмердиги менен таанышуу максатында Талас жана Жалал-Абад облустарында көчмө жыйын өткөрүүдө.
Иш-чарага комитеттин мүчөлөрү, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана КР Энергетика министрлигинин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ошондой эле тоо-кен ишканаларынын өкүлдөрү катышууда.
Иш сапардын экинчи күнү, 20-июнда эл өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Жамгыр алтын кенине барышты. Кен 1985-жылы ачылган. 2003-жылдан бери кенди казакстандык «Вертекс Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коому иш алып барат . 01.01.2022-жылга карата пайдалуу кендердин запастары: руда – 1773 миң тонна, алтын – 10744.63 кг, алтындын орточо өлчөмү 6.06 г/т.
Андан ары депутаттар Чаткал районунун аймагында жайгашкан Куру-Тегерек кенин иштетип жаткан кытайлык «Кичи-Чаарат» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Кен 1960-жылы табылган. 01.01.2022-жылга карата пайдалуу кендердин запасы: жез – 347236 тонна, алтын – 38543.273 кг, күмүш – 151510 кг түзөт.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү тоо-кен тармагындагы мыйзамдардын талаптарын сактоо, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу зарылдыгын айтып, кадр саясатын ишке ашыруу маселелерине токтолушту.
Ошондой эле «Вертекс Голд Компани» ЖЧКсынын жана «Кичи-Чаарат» ЖАКсынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу, жергиликтүү тургундарды ишке орноштуруу тууралуу маселелер көтөрүлдү. Чаткалдыктар жергиликтүү коомчулуктун пикирин жана кызыкчылыгын эске алып, тоо-кен тармагын жөнгө салууга багытталган мыйзамдарга керектүү өзгөртүүлөрдүү киргизүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

