Садыр Жапаров Мамкурулуштун директорун алмаштырды
Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик курулуш комитетинин директору Токтомамбет Сатышовду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул жөнүндө мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүдө Сатышов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду деп айтылган.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен Нуртазин Жетибаев Мамкурулуштун жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Ал былтыркы жылдын декабрь айынан азыркы чейин президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Президенттик администрацияга чейин Жетибаев Саламаттыкты сактоо министрлигинде, “Мамлекеттик эмес соттук экспертизанын көз карандысыз борборунда”, Башкы прокуратуранын башкармалыгында, КР Футбол федерациясында жана «Кыргызалтын» ААКсынын филиалында иштеген.