Туристтер үчүн «Ысык-Көл» аэропортунан Чолпон-Ата жана Балыкчыга автобустар каттай баштады

Туристтер үчүн «Ысык-Көл» аэропортунан Чолпон-Ата жана Балыкчыга автобустар каттай баштады

Туристтердин ыңгайлуулугу үчүн “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан (Тамчы) Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларына аймактар ​​аралык автобус каттамдары ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалык ошондой эле Ысык-Көл облусу боюнча чет өлкөлөрдөн келген туристтерге ыңгайлуулук түзүү максатында облустун калктуу конуштарын Бишкек шаары жана Чүй облусунун башка шаарлары менен байланыштырган үзгүлтүксүз автобус каттамдары ачылып жатканын билдирди. Жалпысынан шаарлар аралык 17 автобус каттамы бар. Күн сайын ар турдуу класстагы 514 автобус линияга чыгат.

Ошондой эле басма сөз кызматы учурда «Манас» аэропортунан Бишкекке үзгүлтүксүз автобус каттамдары иштеп жатканын, аларды эки автотранспорт ишканасы күнүмдүк график менен тейлеп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары